- Быйыл Кыргызстанда 20 миңден ашык ипотекалык батир берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуулар башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Келдибеков билдирди. Анын айтымында, жылдын аягына чейин Чүй, Жалал-Абад облустарында 3 миңден ашык, Ош, Ысык-Көлдө 2 миңден ашык, Баткенде 1,5 миң, Талас, Нарын облустарында 400дөй батир ээлерине тапшырылат. Бүгүнкү күндө “Менин үйүм” программасынын алкагында өлкөдө жалпысынан 80 миңден ашык батирдин курулушу жүрүп жатат, — деди Келдибеков.
- Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, Чүйдөгү “Камышановка” жана Таластагы “Кичи-Капка” өткөрүү бекеттеринин эки тараптуу макамы эл аралык деп өзгөртүлүп, “Камышановка” пункту сутка бою, дем алышсыз иштөө режимине өткөрүлөт. Бул кадамдар туризмди өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле чек ара инфратүзүмүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган.
- Ашыкча салмактуу жана спорт менен машыкпаган адамдар стресске көбүрөөк кабылышат. Окумуштуулар белгилегендей, үзгүлтүксүз дене кыймылы адамдын сырткы келбетине гана эмес, психологиялык туруктуулугуна да таасир этет. Кыймыл-аракет тынчсыздануунун деңгээлин төмөндөтүп, ар кандай жагдайды жеңил көтөрүүгө жардам берет жана организмди стресске азыраак алсыз кылат.
Автор: Диана Дуйшоналиева