play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.03.2026 57 7

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • CASA-1000 долбоорунун алкагында Кыргызстан өз милдеттерин толук аткарып, экспорттук линияларды куруп бүттү. Долбоор Афганистандагы курулуш бүтөрү менен ишке берилери айтылууда. Эксперттер ага чейин Кыргызстан электр таңкыстыгын жоюп, электр энергиясын алуунун альтернативалуу булактарын да иштетүү зарылдыгын белгилешүүдө. CASA-1000 долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энерготутумдарын бириктирет. Ишке берилсе, Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭСтеринен чыккан электр энергиясынын ашыкчасы жай айларында Пакистан менен Афганистанга экспорттолот.
  • Санарип өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин башчысы Азамат Жамангулов билдиргендей, учурда бул багытта механизмдер иштелип жатат. Анын айтымында, санарип технологиялардын өнүгүшү шылуундук схемаларынын өзгөрүүсүн жаратууда. Мындан улам жарандар өздөрүнө насыя алууга тыюу сала алгандай эле мүлкүн да кайра каттоого тиркеме аркылуу тыюу салуучу механизмди иштеп чыгуу маселеси жаралган.
  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Орозо айт намазы 20-март күнү Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окула турганын билдирип, анын программасын жарыялады. Ага ылайык, таңкы саат 7ден баштап дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылып, намаз 08:30да окулат. Ал эми аймактарда Орозо айт намазы жума мечиттерде окулат. Кыргызстанда соңку жылдары коопсуздуктан улам Орозо жана Курман айт намазы мечиттерде гана окулуп келген.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%