play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today06.04.2026 70

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 2ге чейин суу Алыкулов, Кустанай, Муромск, Садыгалиев, Лев Толстой көчөлөрүндө, Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер, 110-квартал райондорунда жана Достук кичи районунда жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

 

  • Бишкекте ушул жайда автоматташкан парковка системасы ишке кирет. Мэриядан билдиришкендей, шаар эки аймакка бөлүнөт. Биринчисине — Ахунбаев, Фучик, Жибек Жолу — Айтматов — Токтогул көчөлөрүн бириктирген тилке кирип, бул жерде эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин парковка алгачкы эки саатка 50 сомдон, андан кийин ар бир саатына 10 сомдон алынат. Экинчи аймакка ордо калаанын калган бөлүгү кирип, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин 30 сомдон, андан кийин 10 сомдон тариф киргизилет.

 

  • Кыргызстан Борбор Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борборун түзөт. Демилге Татарстандын Казань шаарында өткөн “Энергопром” эл аралык форумунун алкагында көтөрүлгөнүн Энергетика министрлигинен кабарлашты. Маалыматта келишимге Кыргызстан менен Татарстандын өкүлдөрү кол койгону айтылат. Анын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда биринчи жолу электрди өчүрбөй туруп иштөөнү үйрөтө турган атайын борбор ачылат. Мында энергетика тармагындагы адистер даярдалып, квалификациясы жогорулатылат.

 

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%