play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.04.2026 16

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте №13, №35, №45 автобус каттамдары убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, автобустардын багыты Жибек Жолу проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу өзгөрдү. Бул тилкеде курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт. Мэрия шаар тургундарын алдын ала каттамды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
  • Бишкектин конуштары үчүн чакан көлөмдөгү 600дөн ашык автобус сатып алуу пландалууда. Мэриянын маалыматына ылайык, автобустар газ жана электр энергиясы менен жүрө турган болот. Узундугу 890 см болгон транспорттор төмөн полдуу болуп, кондиционер системалары менен жабдылган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ыңгайлаштырылган.
  • Быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чет өлкөлүк катышуучуларды каттоо 1-майдан тарта башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге аталган оюндардын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди. “Бүгүнкү күндө биз 50 өлкөдөн катышуу макулдугун кат түрүндө алдык. Бирок биз 100 өлкөгө жөнөткөнбүз. Мен ойлойм, 1-июлга чейин 90 мамлекеттен катышуу катын алабыз. Июль айында канча мамлекеттен катышуучу аккредитация кылганыбызды так жарыялайбыз.” Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта ордо калаада салынып жаткан “Бишкек арена” стадионунда өтүп, негизги оюндар 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө болот.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%