play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today21.04.2026 4

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • 20-майдан тарта таксиге лицензияны Түндүк тиркемеси аркылуу онлайн алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери ведомство жеке ишкерлерге 15 миң лицензия жана компанияларга 410 лицензия берди. Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына чейин гана каттоого убакыт берилген, бирок айдоочуларды төмөн активдүүлүгүнө байланыштуу мөөнөт эки ирет узартылган. Эми акыркы мөөнөт — 2026-жылдын 1-июлуна чейин.
  • Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун курулушу кызуу уланууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурга карата трассада асфальт төшөлүп, темир тосмолор орнотулуп жатат. Эки ири селден коргоочу көпүрөнүн жана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу аяктады. Жолдун алгачкы 25 чакырымын 1-майда пайдаланууга берүү пландалууда. Калган тилкелерде курулуш жыл аягына чейин аяктайт.
  • “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан эки асма жолдун техникалык ачылышы 20-майга пландалууда. Бул тууралуу “Ала-Тоо резорт” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи фазасында жалпысынан алты асма жол курулат. Белгиленгендей, аталган жолду Австриялык компания куруп жатат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%