- 1-май күнү Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт. Спорттук иш-чаранын маршруту Д.Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен бурулуу менен «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен жыйынтыкталат. Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан 9:40ка чейин жогорудагы жолдор жарым-жартылай жабылат.
- Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 1-майдан 10-майга чейинки эс алуу күндөрү саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүлөт, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл дары-дармек, медициналык буюм, кан компоненти жана алардын запастарынын жетиштүүлүгү камсыз кылынат. Үй-бүлөлүк медицина, жалпы дарыгердик практика борборлору жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда таңкы саат 8ден кечки 6га чейин нөөмөт уюштурулат, процедуралык кабинеттер күндүзгү саат 2ге чейин иштейт.
- Эртеңден тарта Бишкекте фонтандар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда «Тазалык» муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдап жатат. Белгилеп кетсек, ордо калаада жети жерде фонтан комплекстери бар.
Автор: Диана Дуйшоналиева