- Алай районунун Гүлчө шаарында кайрадан сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Сел суусу 92 турак жай, анын ичинде 17 жер төлөө, 71 короо жана 4 чарбалык курулушту жана 2 мектепти каптады. Жеринде 74 кызматкер, 8 атайын техника жана 2 инженердик техника иштеп жатат, — деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен. Эске салсак, 27-апрелде дагы Гүлчө шаарында жана Курманжан датка айылында сел жүрүп, 25 үйдүн короосуна суу кирген.
- Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бүгүнтөн тарта 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул күндөрү жолдун 54-чакырымындагы жөө өтмөктү демонтаждоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу саат 9дан 4кө чейин маал-маалы менен жабылып турат. Унаа жолу жабылган учурда айланма жол уюштурулат.
- Пробация көзөмөлүндөгү жарандар үчүн Face ID системасы ишке киргизилди. Долбоор Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңы модуль веб-камералар аркылуу жүздү таануу технологиясы менен адамдарды идентификациялоону карайт. Бул пробация органдарына кайрылганда же айрым процедуралар жүргүзүлгөндө кардардын өздүгүн автоматтык түрдө тастыктоого мүмкүнчүлүк берет.
Автор: Диана Дуйшоналиева