play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today11.05.2026 18

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кемин районунда чакан ГЭС курулат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, объект Кичи-Кемин айылында жайгашат. Долбоор жеке инвестордун эсебинен курулат. Жалпы баасы — 14 миллион долларды түзөт. Станциянын кубаттуулугу 7,5 МВт болот.
  • Мамлекеттик ипотекалык компания ушул айда кезекте турган жарандарга батирлерди тапшырат. Уюмдун башчысынын орун басары Нургазы Атакановдун айтымында, Бишкекте Маликов, Бекматов, Анкара, Кустанай көчөлөрүндө жана Орто-Сай айылында жайгашкан турак-жай комплекстеринин курулушу аяктап калды. Комплекстерде парковка, социалдык объектилер каралган.
  • Бишкектеги жаңы автобекеттин курулушу быйыл августка чейин аяктайт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.  Тогуз блоктон турган комплексте айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана, күтүү залы, перрон, административдик имарат, соода сатык жайлары, шаар аралык жана эл аралык автобустар токтоочу жана башка унаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жайлар бар.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%