play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today12.05.2026 8

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планы бекитилди. Документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Пландын алкагында Бишкек 2050-жылга чейин 1,9 миллион калкы бар, ыңгайлуу, коопсуз жана экономикалык жактан туруктуу шаарга айланышы керек. Эми шаарда имарат курууда жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда башкы план сөзсүз эске алынат. Мурда даярдалып, бирок ишке ашпай калган курулуш пландары жаңы планга ылайыкташтырылат.

 

  • Бишкекте быйыл Пионер көлү реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев Свердлов районунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди. Мэрдин айтымында, буга чейин Комсомол көлү реконструкцияланып, ачылган. Кара-Жыгач багын өнүктүрүүгө шаар казынасынан 50 миллион сом бөлүнөт, зарыл болсо, сумма көбөйтүлөт, — деди Жунушалиев.
  • Apple сентябрда дароо 10 жаңы продукция тартуулайт. Bloomberg жазгандай, башкы жаңычылдык экиге бүктөлө турган iPhone болот, бул компания тарыхындагы алгачкы мындай смартфон болуп калат. Ийкемдүү смартфонду ойлоп табууда компания басымды корпустун бышыктыгына, жогорку кубаттуулугуна жана дисплейиндеги бөлүктүн билинбей калышына жасаган. Божомолдор боюнча жабдуунун баасы 2 миң доллардан жогору болот.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%