play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today13.05.2026 18

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте Бөкөнбаев көчөсүндө эски түтүктөр алмаштырылууда. Бул максатта унаа кыймылынын бир бөлүгү чектелди, учурда бир тилкеси гана ачык. Ремонттук иштер Панфилов көчөсүнөн тарта Республикалык оорукананын жанындагы светофорго чейин жүрүп жатат. Түтүктөр 1986-жылы эле салынгандыктан, эскилиги жетти. Келе жаткан жылуулук сезонуна чейин аларды жаңыртуу керек, — дешти мэриядан.
  • Бишкектин бир бөлүгүндө газ өчүрүлөт. 20-майга чейин көгүлтүр от Жибек Жолу проспектинде, Калинин, Салиева көчөлөрүндө, ал эми 13-14-майда Лермонтов, Жеңиш, Ленин көчөлөрүндө жок болот. “Бишкекгаз” кызматы билдиргендей, убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.
  • Биринчи класска 66 миңден ашык бала катталды. Мындай маалымат “Мектеп” порталында камтылат. Учурда орто билим берүү жайларында 125 миңден ашык бош орун бар. Эске салсак, биринчи этаптын алкагында жашаган жери боюнча гана балдар кабыл алынууда. Экинчи этап 1-июнда старт алып, анын алкагында ата-энелер каалаган мектебинде бош орун болсо, баласын каттай алат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%