play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today19.05.2026 7

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • “Камбар-Ата-1” ГЭСине Дүйнөлүк банк, Европа инвестициялык банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконcтрукциялоо банкы каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди. Маалыматка ылайык, аталган банктар каражатты Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга насыя катары берет. Эске салсак, Энергетика министрлиги буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСине тогуз донор 2,5 млрд доллар салууга кызыкдар экенин кабарлаган. Дүйнөлүк банк ГЭСтин негизги курулушуна үч мамлекет үчүн 1,5 млрд доллар бөлүүнү да караштарып жатканы маалым болгон. “Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип курат.

 

  • Кыргызстанда орточо айлык 46 миң 371 сомду түздү. Январдан мартка чейинки маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 15,8 пайызга өстү. Эң көп маянын өсүшү айыл чарба жана токой чарбачылыгы, балык өстүрүү, каржы ортомчулугу жана камсыздандыруу, электр энергиясы менен камсыздоо, суу системасы, кыймылсыз мүлк операциялары жана курулуш тармактарында катталды.

 

  • Республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде 19-майдан 23-майга чейин сел жүрүп, жолдордо таш, топурак түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Буга жаан-чачын жана аба ырайынын өзгөрүп турушу себеп болот. Ведомство унаа менен сапарга чыккандарга жолдо жүрүү эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%