play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today20.05.2026 8

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бүгүнтөн тарта Бишкекте №43 коомдук транспорт каттамынын жүрүү схемасына өзгөртүүлөр киргизилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул чечим шаардык транспорт тармагын оптималдаштыруу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды. Жаңыланган жүрүү схемасына ылайык, каттам Мурас-Ордо көчөсү, Школьная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Махатма Ганди көчөсү, Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Токтогул жана Фучик көчөлөрү аркылуу өтөт.

 

  • 24-майда Бишкекте айрым көчөлөр жабылат.  Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күнү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта спорттук иш-чара өтөт. Буга байланыштуу таңкы саат 7 ден күндүзгү  1ге чейин Орозбеков көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин жол кыймылы убактылуу жабылат, ал эми Абдрахманов көчөсүндө жол кыймылы жарым-жартылай чектелет.
  • Курман айтка байланыштуу 27-майда калкты тейлөө борборлору иштебейт. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик кызматы маалымдайт. Убакытты үнөмдөө максатында жарандарга мамлекеттик кызматтарды ага чейин алып, же санариптик сервистерди колдонуу сунушталат. Калкты тейлөө борборлору 28-майдан тарта кадимки режимде иштөөсүн улантат.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%