play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today22.05.2026 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселеси каралууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга бензин, солярканы жеткирүү жана сатуу менен алектенген чоң компания-нефтетрейдерлердин жетекчилери катышты. Анда дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук улана берген учурда колдонула турган кошумча каржылык жана салыктык инструменттер дыкат иштелип чыкты. Тагыраагы, өкмөт мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырууда.

 

  • Акыркы 10 жылдын ичинде Ысык-Көлдө суунун деңгээли 47 см чейин түштү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков билдирди. Ал белгилегендей, Ысык-Көлдүн тегерегинде тамчылатып сугаруу системасын киргизүү керек. Ошондо көлгө куюп жаткан 60тан ашык дарыянын суусу көлгө кирет. Андан тышкары эс алуу жайларынан, автоунаа жуучу жайлардан чыккан сууну кайра иштете турган долбоор иштеп жатабыз, – деди Акунбеков.

 

  • Чубак ажы Жалиловго Кыргыз эл баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жалилов диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарылды.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%