play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today25.05.2026 10

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • 1-июндан тартып карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат. “Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалыматына ылайык, газ менен камсыздоо кызматы үчүн төлөмдөр компаниянын филиалдарында, ошондой эле электрондук капчыктар жана банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу кабыл алынат. Карыз толугу менен төлөнгөндөн кийин көгүлтүр от үч иш күндүн ичинде акы төлөнүүчү негизде кайра бериле баштайт.

 

  • Кыргызстанда автоунаа импортунун көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика биринчи кварталда 38,6 миң унаа алып келген. Бул былтыркы жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 11 миңге көп. Машинелердин басымдуу бөлүгү Кытайдан, Түштүк Кореядан  импорттолууда. Үчүнчү орунда Америкадан келген машиналар турат.

 

  • Акыркы коңгуроо салтанатына байланыштуу кафе-ресторан, жаратылыш койнундагы эс алуучу жайларда көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аземге карата бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Бул күнү 10 жана 20 жылдык жолугушууларды белгилеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн дагы иш-чаралары бар. Андан улам милиция кызматкерлери өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%