- Түндүк-түштүк альтернативдүү жолду ачуунун алдында соңку даярдыктар жүрүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, профилдик ведомство жетекчилерине жол жол оңдоо ишканаларын жайгаштыруу тилкелерин аныктоо, 3 райондо объектилерди куруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тапшырылды. Тактап айтканда, коргоочу дубалдар, эстакадалык көпүрөлөрдө шам чырактар орнотулуп, тоо бетиндеги коопту таштар түшүрүлөт. Эске салсак, альтернативдүү трасса июндан октябрга чейин убактылуу ачылат.
- Жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке кирди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1-июндан тартып өнөктөш банктарда кезекке туруу үчүн арыздарды кол менен кабыл алуу жана каттоо толугу менен токтотулат. Мындан ары арыздарды каттоо министрликтин iDyikan санариптик платформасы аркылуу аралыктан жүргүзүлөт.
- Бишкекте жеке мобилдүү каражаттар үчүн жаңы эрежелер киргизилүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эми электр самокаттардын максималдуу ылдамдыгы 15 чакырымга чейин азайтылат, үч сааттан ашык убакытка токтотуучу жайлардын сыртында калган самокаттар эвакуацияланат, жабырлануучуларга компенсация төлөө менен милдеттүү түрдө үчүнчү тараптын камсыздандыруусу киргизилет.
Автор: Диана Дуйшоналиева