- Бишкекте май куюучу бекеттер шаар сыртына чыгарылып, ордуна көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар курулушу мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, бул маселе боюнча иштер жүрүп жатат. План боюнча ордо калаадагы май куюу бекеттеринин ордуна көп кабаттуу унаа токтотмолорун куруу пландалууда. Жунушалиев тиешелүү кызматтарга текшерүүнү тапшырып, калаанын айрым аймактарында жаңы бекеттерди курууга мораторий киргизилгенин белгиледи.
- Бишкекте 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени накталай төлөө токтотулат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, электрондук төлөмү жок жүргүнчүлөр автобуска түшүрүлбөйт.Төлөм “тулпар” карталары менен же автобустун жеке номери камтылган кюар код менен гана кабыл алынат. Жунушалиев белгилегендей, жол киренин баасы быйыл өзгөрүүсүз калат, бирок 2027-жылга сунуштар киргизилип, каралууда.
- Бишкекте бүгүнтөн тарта жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Чара августтун аягына чейин күчүндө болуп, ысык аба-ырайында жол катмарын коргоого багытталган. Чектөөлөр аба табы 28 градустан жогору болгондо киргизилет. Өзгөчө көзөмөл жаңы оңдолгон көчөлөрдө жүргүзүлөт. Милиция жана муниципалитет кызматкерлери тыюунун аткарылышына рейд өткөрөт. Зарыл болсо кошумча чаралар киргизилет.
Автор: Диана Дуйшоналиева