- Бүгүнтөн тарта лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт. Ички иштер министрлигинен эске салышкандай, оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензия Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө берилет. Анын баасы жеке жактарга 500 сом, юридикалык тараптарга 1 миң сомду түзөт. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат. Кошумчаласак, оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт.
- “Манас” аэропортуна алып барчу альтернативдүү жол курулушу мүмкүн. Өкмөттөн маалым болгондой, жаңы жолдун болжолдуу багыты Махатма Ганди көчөсү аркылуу өтүп, андан ары “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын аймагы аркылуу уланат. Долбоорду ишке ашыруу аэропорттун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, учурдагы унаа тыгынын азайтууга жана борбор калаа агломерациясынын өнүгүшү үчүн кошумча логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
- Кытайдын Гуанчжоу шаарында почта кызматынын өндүрүштүк процессине адам сымал роботтор киргизилди. Автоматташтырылган системалар жүктөрдү таануу жана аларды багыттар боюнча бөлүштүрүү милдеттерин аткарат. Бул роботтор интеллектуалдык таануу жана өз алдынча чечим кабыл алуу функцияларына ээ. Бир гуманоид-роботтун өндүрүмдүүлүгү саатына 1 миң 200гө чейинки почта жөнөтмөлөрүн иштетүүгө мүмкүндүк берет.
Автор: Диана Дуйшоналиева