- Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түшүп, убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, таш нөшөрлүү жаандан улам жолдун 260-274-чакырым аралыгына түшкөн. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын техникалар менен тазалоо иштери жүрүүдө.
- Бишкекте Киев көчөсүн реконструкциялоо долбоору талкууланат. Мэриядан билдиришкендей, иш-чара эртең, 5-июнда кечки саат 5те Чүй проспектисиндеги «Тунгуч» театрында өтөт. Белгилеп кетсек, Киев көчөсүн коомдук транспорттун кыймылы уюштурулган жөө адамдар аймагына айландыруу боюнча реконструкциялоо иштери пландалган.
- Кыргызстан биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланды. 3-июнда Башкы ассамблеядагы добуш берүүдө Кыргызстан Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн атаандаш болгон Филиппинди артта калтырды. Эки мамлекет добуш берүүнүн үч айлампасында жетиштүү добуш ала алган жок. Төртүнчү айлампада гана Кыргызстан 142 добуш менен алдыга чыкты. Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт. Кыргызстан Коопсуздук кеңешине тарыхында биринчи жолу шайланып жатат. Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан гана 2017-2018-жылдары бул милдетти аркалаган.
Автор: Диана Дуйшоналиева