play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today08.06.2026 13

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолу кыймылга ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эске салышкандай, жолдун 92-95-чакырымдарын камтыган тилкеси 5-июнда селден кийин жабылган. Жеринде тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда трасса эки тараптуу ачык.

 

  • Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтмөгү ачылды.тМэриядан билдиришкендей, жаңы объектилер Жибек Жолу проспектисинде Аламүдүн базарынын жанында жана 7-апрель көчөсүндө жайгашат. Өтмөктөр заманбап лифттер менен жана тиешелүү инфраструктура менен камсыздалып, алардын узундугу 27 жана 37 метрди түзөт.

 

  • Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда демилге талданып жатат. Эгер сынамык долбоор ийгиликтүү деп табылса, андан ары да улантылат, — деди министр. Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%