play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today09.06.2026 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Өлкөнүн негизги трассаларында “Автоураган” комплекстери жол эрежесин бузууларды каттап жатат. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкөнүн негизги унаа жолдорунда интеллектуалдык видеобайкоо камералары, аппараттык-программалык комплекстер жана мобилдик көзөмөлдөө тутумдары этап-этабы менен орнотулуп, ишке берилүүдө. Бүгүнкү күндө комплекстер Бишкектин аймагында, ошондой эле Бишкек – Кордай, Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жана Бишкек – Ош унаа жолдорунун айрым тилкелеринде иштеп жатат.

 

  • Бишкекте заманбап вакцина сактоочу жайдын курулушу башталды.Бул тууралуу Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборунан билдиришти. Долбоор Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык иммунопрофилактика борборунун  жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Борбордун курулушу вакциналарды туура сактоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

 

  • Ташкент — Чолпон-Ата автобустук каттамы кое берилди.Каттам туристтик болуп, жайдын аягына чейин ишке ашырылат. Автобустар Ташкенттин бекетинен жуп сандагы күндөрү чыкса, кайра эртеси Чолпон-Атанын бекетинен сапарга чыгат. Билет баасы 2 миң 700 сомду түзөт.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%