- 23-июндан тарта “Манас” аэропортуна кеткен жол оңдолуп баштайт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, “Аска-Таш” комплексинен аэропорттун бурулушуна чейинки 23 чакырым тилкеде асфальттын үстүңкү катмары жаңыланат. Оңдоо иштери 40 күнгө созулат. Бул учурда жолдун бир тарабы ачык болот, — деди мэр.
- Кыргызстанда биринчи класска 113 миңден ашуун бала катталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча жаңы окуу жылына 192 миңден ашык орун каралган, анын 79 миңи дагы эле бош. Учурда ата-энелер балдарын каттоосу боюнча дарегине карабастан, бош орун бар мектептерге каттай алат. Биринчи класска 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынууда.
- 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензиясы жок таксисттер онлайн кызматтар аркылуу заказ ала албайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, такси кызматтары уруксаты жок айдоочуларды системадан бөгөттөөгө милдеттүү. Талапты аткарбагандарга айып салынат. Лицензиясыз иштеген жарандар 7 миң 500, ал эми компаниялар 23 миң сом айып төлөйт. Документтерди тариздөө мөөнөтү дагы узартылбайт. Эске салсак, мыйзам чегинде таксиде иштеп, жүргүнчү ташуу үчүн лицензия алуу зарыл. Анын баасы бир жылга физикалык жактарга 500 сом, компанияларга 1 миң сомду түзөт. Аны банктардын тиркемелери же “Түндүк” аркылуу онлайн каттап алса болот.
Автор: Диана Дуйшоналиева