play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today25.06.2026 6

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкектеги автобустарда накталай төлөм толук жоюлбай калды. Бирок билетти айдоочудан түз сатып алгандар үчүн жол кире 60 сом болушу мүмкүн. Мэриянын планына ылайык, автобустарга жана аялдамаларга накталай акчага билет саткан аппараттар орнотулуп, контролёрлор иштейт. Телефону же банк картасы жок жүргүнчүлөр билетти айдоочудан да сатып ала алышат, бирок мындай учурда жол кире кымбатыраак болот. Андан тышкары, шаардагы 72 каттамдын ар бирине кеминде бештен төлөм терминалын орнотуу пландалууда. Ири жана борбордук аялдамаларда алардын саны көбүрөөк болот.
  • Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруудагы босого баллдар өзгөрүүсүз калды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана иннованциялар министрлигинен билдиришти. Негизги тест боюнча босого — 110 балл, предметтик тесттер боюнча — 60 балл. Айрым адистиктерде талаптар жогору: педагогикада — 130 балл, медицинада — 120, айыл чарба багыттарында — 100 балл. Быйыл жалпысынан 10 миң гранттык орун каралган. Кабыл алуу “Абитуриент онлайн” платформасында жүргүзүлөт.
  • Россиялык альпинист Алина Пекова Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Ал дүйнөдөгү 14 сегиз миң метрлик чокунун баарын багындырган эң жаш аял катары катталды. Белгилеп кетсек, чокулардын көбү Гималайда жайгашат. Бүгүнкү күнгө чейин бул чокуларды дүйнө жүзү боюнча 80ге жетпеген адам багынта алган.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%