- Бүгүн өлкөдө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды. Күбөлүк тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара бардык мектептерде өттү. Быйыл 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрдү. Белгилеп кетсек, кечкисин бүтүрүү кечелерин уюштурууга тыюу салынат. Буга байланыштуу милиция бүгүн кафе-ресторандарда, эс алуу жайларында рейд жүргүзөт. Ата-энелерге, мектеп жетекчилигине жана бүтүрүүчүлөргө коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.
- 1-июлдан тартып кыргызстандыктар Россияга кирүү үчүн Gosuslugi RuID тиркемеси аркылуу алдын ала арыз бериши керек. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алмаз Байбосов билдирди. Анын айтымында, арыз сапарга чейин 72 саат мурда тапшырылат. Жактырылгандан кийин берилген QR-код чек арадан өтүүдө көрсөтүлөт. Өзгөчө кырдаалда арызды 4 саат мурда берүүгө уруксат. Ал эми 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тапшырат.
- Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик мейманканалар, конок үйлөрү, боз үй лагерлери жана курорттор үчүн классификацияга арыз кабыл ала баштады. Мекеменин маалыматына ылайык, бул туристтик кызматтардын сапатын жакшыртып, тейлөөнүн бирдиктүү стандарттарын киргизүүгө багытталган. Анын негизинде мейманканаларга “жылдыз”, конок үйлөрүнө “эдельвейс”, ал эми боз үй лагерлерине “түндүк” категориясы ыйгарылат. Классификациядан өткөн объекттер атайын реестрге киргизилип, күбөлүк үч жылга чейин жарактуу болот.
Автор: Диана Дуйшоналиева