- “Бала ырысы” жөлөк пулун дайындоо үчүн арыздар бүгүнтөн тарта электрондук форматта кабыл алынып баштайт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, арызды “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу берсе болот. Эске салсак, пособие 3 жашка чейинки ар бир балага 1 миң 200 сомдон үй-бүлөнүн кирешесине карабастан чегерилет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңден ашык бала бар. Муну менен “Бала ырысы” жөлөк пулуна мамлекет ай сайын 530 миллион сомдой багыттайт.
- Бүгүнтөн тарта Кыргызстанда лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөргө айып салына баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан эске салышкандай жаңы талап боюнча, шаар, аймак аралык каттамдарда лицензиясы бар гана таксилер иштей алат. Такси кызматын көрсөтүү үчүн лицензиянын баасы жеке жактарга 500 сом, юридикалык жактарга 1 миң сомду түзөт. Тийиштүү уруксаты жок айдоочу кардар ташыса 7 жарым миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат. Белгилеп кетсек, оор жана анча оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондорго лицензия берилбейт. Оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат.
- Кыргызстанда мектептик билим берүү расмий түрдө 12 жылдык системага өттү. Министрлер кабинети тиешелүү чечим кабыл алып, жаңы окуу түзүмүн 6+3+3 форматына ылайык бекитти. Ага ылайык, алгачкы 6 жыл башталгыч билим берүү болсо, кийинки эки баскыч үч жылдан окутулат. Ошондой эле окуу жылынын узактыгы класстарга жараша 32ден 34 жумага чейин болот. Мектептерге балдарды 5 же 6 күндүк режимде окутууга уруксат берилди.
Автор: Диана Дуйшоналиева