- Чет өлкөдө төрөлгөн балдарга “Бала ырысы” жөлөк пулун алуу тартиби түшүндүрүлдү. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, эгер “Түндүк” аркылуу арыз берүүдө ката чыкса, балага ПИН ыйгарылбаган же ал ата-энесинин маалыматына байланыштырылбаган болушу мүмкүн. Мындай учурда Калкты тейлөө борборуна кайрылып, тиешелүү документтерди тапшыруу керек. Эгер баланын Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган документи жок болсо, алгач тиешелүү маалымкат алуу зарыл. Эске салсак, үч жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 1 миң 200 сом өлчөмүндө “Бала ырысы” жөлөк пулу төлөнөт.
- Айыл чарба министрлигине 12 жаңы кызматтык унаа тапшырылды. Министрликтин маалыматына ылайык, автоунаалар Жер жана суу көзөмөлү кызматына, Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментине, мамлекеттик асыл тукум жылкы чарбасына жана бир катар илимий-изилдөө институттарына берилет. Бул мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдап, кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
- Бишкектиктерге саммит күндөрү шаардан чыгып кетүү сунушу берилди. Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, ШКУнун саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына карата Кыргызстанга 21 мамлекеттин башчысы келет. Коопсуздук чараларына байланыштуу үч күн бою шаардагы айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турат. Андыктан, шаар тургундарына Ысык-Көлгө же башка эс алуу жайларына чыгып туруу сунушталат, деди катчы. Эске салсак, аталган иш-чаралар Бишкекте 30–31-август жана 1-сентябрда өтөт.
Автор: Диана Дуйшоналиева