play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today16.08.2026 36

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • «Манас» аэропорту 31-августта жана 1-сентябрда өзгөчө тартипте иштейт.«Кыргызстан аэропорттору» ишканасы билдиргендей, бул күндөрү чоң эл аралык жыйындарга чет өлкөлүк президенттер жана расмий коноктор учуп келишет. Алардын коопсуздугу үчүн күндүз кадимки жүргүнчүлөр учкан учактарга чектөө киргизилет: 31-августта саат 09:00дөн 20:00гө чейин, ал эми 1-сентябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин айрым каттамдар убактылуу токтотулат. Көрсөтүлгөн сааттардан сырткары убакта аэропорт учактарды кадимкидей эле кабыл ала берет.

 

  •  Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылышын жана ШКУ саммитин түз эфирде көрүү үчүн Ала-Тоо аянтында жана шаардын төрт районунда атайын фан-зоналар  ачылат.Мэрия билдиргендей, бул жерлерде чоң экрандар орнотулуп, ырчылардын концерти өтөт. Ошондой эле тамак-аш саткан жайлар жана улуттук оюндар уюштурулат.Фан-зоналар төмөнкү жерлерде болот:Октябрь району: «Тунгуч-1» сквери, «Ынтымак-2» жана Д. Асанов парктары.Ленин району: Фучик паркы, Ак-Өргөдөгү «Ашар» паркы, Жалдагы «Муун» сквери.Биринчи май району: Ч. Түлөбердиев паркы, Токтоналиев 62 дарегиндеги спорт комплекс, Ак-Босогодогу сквер.Свердлов району: «Алга» спорт комплекси Чыгыш-5теги №66 мектеп, Энесайдагы №21 мектеп.

 

  •  Бишкек шаарындагы күйүүчү майдын болжолдуу баасы: АИ-92: 87–88 сом. АИ-95: 110 сомго чейин. Дизель отун майы: 100 сом. Суютулган отун газы 48 сом.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%