play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today20.08.2026 53

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бүгүн, 20-августта «Манас» аэропортуна алып баруучу жолдун бир тарабы бир күнгө жабылды. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, чектөө оңдоо иштерине байланыштуу. Тактап айтканда Чоң Чүй каналынан Пригородное айылына чейинки тилкеде жол кыймылы токтотулду.

 

  • Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы массалык мушташтын бардык катышуучулары аныкталып, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандардын баары жашы жете элек өспүрүмдөр болуп чыкты. Милиция кызматкерлери алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, окуянын чоо-жайын такташты. Мушташка катышкан өспүрүмдөрдүн ата-энелерине карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 102-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, айып пул салынды. Бардык расмий процедуралар аяктагандан кийин өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

 

  • Кыргызстандыктар 2026-жылдын 20-августунан баштап Кытайга визасыз кире алышат, бирок анын өзгөчө шарттары бар.Кытай тарап бул жеңилдикти бир тараптуу киргизди Жарандар үчүн эки башка мүмкүнчүлүк ачылды:10 күндүк визасыз транзит: Кытайга түз учуп барып, ал жерде 10 күн сейилдеп, андан кийин Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кайтыш керек. Мисалы, билет Пекин — Ташкент — Ош же Шанхай — Алматы — Бишкек деген багытта болушу шарт. Бул эреже Үрүмчүгө тиешелүү эмес.Хайнань аралына 30 күн: Бул курорттук аралга түз учуп барып, эч кандай кошумча шартсыз 30 күнгө чейин визасыз эс алууга болот.Бул жеңилдиктер туризм жана бизнес сапарлары үчүн гана жарактуу. Ал эми Кытайга окууга же жумушка бара тургандар мурдагыдай эле алдын ала виза алышы керек.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%