play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today26.08.2026 22

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору расмий ачылды.Салтанатка бийлик өкүлдөрү, элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Мамлекеттин эсебинен курулган бул заманбап комплекс мындан ары ири эл аралык саммиттерди жана форумдарды өткөрүү үчүн колдонулат. 14,7 гектар аянтты ээлеген борбордо башкы имарат жана коноктор үчүн 8 мейман үйү бар. Анын ичинде 1238 орундуу “Курултай” залы, 1000 кишилик банкет залы жана пресс-борбор жайгашкан.

 

  • Бишкектин айрым көчөлөрүндө оңдоо иштеринен улам бугун жана эртен газ өчүрүлөт.»Бишкекгаз» ишканасы билдиргендей, көгүлтүр от Ростовский,Жибек Жолу, Черепки жана Баялинов көчөлөрүндө убактылуу болбойт. Мекеме тургундардан кечирим сурап, бул күндөрү электр плиталарын колдонууну сунуштайт.

 

  • Японияда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болуп, ондогон адамдар жаракат алды.Жергиликтуу маалымат булактары  билдиргендей, табият кырсыгынын очогу Токиого жакын жердеги Ибаракиде 68 чакырым тереңдикте катталган. Учурда кеминде 37 адам жаракат алганы белгилүү болду. Өлкөдө цунами коркунучу жок деп жарыяланды. Жер титирөөдөн улам борбор калаада айрым поезд каттамдары убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%