play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today01.09.2026 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • «Бишкек Аренада» алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий түрдө старт берилди. Бул масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнөн келген спортчулар катышууда. Көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын мурасын, тынчтык жана достук баалуулуктарын даңазалайт. Оюндар 6-сентябрга чейин уланат. Салтанаттуу ачылыштан кийин спорттук мелдештер жана маданий программалар Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.

 

  •  Президент Садыр Жапаров «Бишкек Аренада» өткөн алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул форум дүйнө элдеринин маданий мурасын сактоодо чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Салтанатка жүздөн ашык өлкөнүн спортчулары катышып, майрамдык параддан өтүштү. Азем кыргыз элинин тарыхын чагылдырган масштабдуу театралдаштырылган оюн, лазердик шоу жана фейерверк менен коштолду. Иш-чарага эки жарым миңге чукул спортчу жана делегация өкүлдөрү чогулду.

 

  •   Кезектеги жетинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028- жылы Татарстанда өтөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров оюндардын ачылыш аземинде билдирди. Мамлекет башчысы Россиядан иш-чараны өткөрүүгө даяр экендиги тууралуу расмий кат келгенин жарыялап, Владимир Путинге ыраазычылык билдирди. Кыргызстан уюштуруу иштерине ар тараптан колдоо көрсөтөт. Эске салсак, Кыргызстан демилгелеген бул оюндар мурда Түркия жана Казакстанда өткөн, ал эми быйыл кайрадан өлкөбүздө өтүүдө.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%