play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today02.09.2026 32

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Диана Дуйшоналиева

  • Чыңгыз  Казиев Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Ал эми буга чейин аталган кызматты аркалап келген Венера Кулатаева Жогорку Кеңештин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп бекитилди. Тиешелүү тескемелерге ЖК төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.

 

  • VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту милиция жана аскер кызматкерлери камсыздоодо. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тоолуу аймактагы тартипти атчан милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Ошондой эле Кырчынга келген көп сандагы жарандарды ташуу үчүн милициянын автобустары тартылды. Милиция кызматкерлери жарандарды коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырууда. Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтүүдө. Ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

 

  • Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүп, суу ташкыны болушу мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу кооптуу кырдаал жаралышы ыктымал. Жарандарга сайларга, дарыя жана суу жээктерине жакын барбоо, зарыл болбосо тоолуу аймактарга чыкпоо сунушталат. Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 бирдиктүү шашылыш кызматына кайрылуу керек.

Автор: Диана Дуйшоналиева


0%