play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today03.09.2026 130

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Канат Кадыржан

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Кырчын жайлоосунда жайгашкан «Ош ордосу» этношаарчасына барып, Ош шаары тарабынан уюштурулган маданий программа менен таанышты.Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, этношаарчада меймандарга сынактарга тигилген салттуу боз үйлөр, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, зер буюмдар, улуттук кийимдер жана кыргыз элинин күнүмдүк турмушунда колдонулган буюмдар көрсөтүлдү.Мындан тышкары, конокторго кыргыз элинин каада-салттары, элдик ыр-күүлөрү, чыгармачылык номерлери жана улуттук оюндар тартууланды.Депутаттар боз үйлөрдү кыдырып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен жакындан таанышып, кыргыздын улуттук нарк-насили тууралуу кеңири маалымат алышты.Жылуу маанайда өткөн иш-чара коноктордо жакшы таасир калтырды.

 

 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командаларынын беттеши башталды.Оюн өтүп жаткан «Көк бөрү» аренасы көрүүчүлөргө жык толуп, күйөрмандар кызыктуу беттешке күбө болууда. Аренада өзгөчө маанай өкүм сүрүп, күйөрмандар улуттук курама командабызга активдүү колдоо көрсөтүп, чыныгы патриоттук атмосфераны жаратууда.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтүп жатат. Оюндун ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы «Бишкек Аренада» өттү.1-сентябрдан 6-сентябрга чейин мелдештер Ысык-Көл облусунда уюштурулууда. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 109 өлкөсүнөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда.

 

 

 

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жөө жаа атуу боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.
Жөө жаа атуу боюнча башкы протокол калысы Исхак Токоновдун маалыматына караганда, мелдешке 51 өлкөдөн 215 спортчу катышууда. Алардын 115и эркектер, 81и аялдар.
Анын айтымында, мелдеш үч багыт боюнча өткөрүлүүдө. Кыргыз бутасында эркектер жана аялдар 40 метр аралыктагы теке сымал бутага атышат. Түрк бутасында аялдар 60 метрден, эркектер 70 метрден күч сынашууда. Ал эми корей бутасында спортчулар 145 метр аралыктагы бутаны көздөшөт.
Учурда аялдар арасындагы финалдык беттештер өтүп жатат. Кыргыз бутасы боюнча Кыргызстандын эки спортчусу финалга чыкты. Мындан тышкары, өлкөнүн дагы бир спортчусу финалга чыгуу алдында турат.
Жөө жаа атуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы атаандаштык күчтүү спорттук мелдештердин бири болууда.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%