play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкектеги жаңы заманбап автобекет ушул айдапайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылып, ичкижасалгалоо толук аяктаган. Калган иштерге асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү кирет.Жаңы автобекетте соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаатоктотуучу жайлар болот. Объекттин аянты 30 миң чарчыметр, ал эми жер тилкеси 16 гектарды түзөт.Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана белгиленгенмөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан күндөрү Ысык-Көл облусуна 150 миңге жакын конок келди. Бултууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсызкылуу менен бирге туристтерге жардам көрсөтүп, жолкөрсөтүп, жоголгон буюмдарды табууга жана керектүү багыттарды түшүндүрүүгө көмөктөшүүдө.Учурда Кырчын жайлоосунда милиция кызматкерлерикүчөтүлгөн тартипте иштеп, коноктордун коопсуздугункамсыз кылууда.
5-сентябрь чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Дордой-Номад» комплексиндеэтно-көргөзмө жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп жатат.Иш-чарага кыргызстандык жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөр, сүрөтчүлөр катышып, өз эмгектерин көрсөтүүдө. Негизгимаксат — кыргыздын улуттук маданиятын жана салттуу кол өнөрчүлүгүн жайылтуу, ошондой эле тажрыйба алмашуугашарт түзүү.Көргөзмөдө коноктор үчүн терме токуу, ат жабдыктарынжасоо, темирге көркөм чегүү, керамика жана суу бетинесүрөт тартуу боюнча чебер-класстар уюштурулган.
Автор: Kanat Kadyrjan