play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАНЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Жаңы «Ош» базары 100 пайыз мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, базардын курулушу 90 пайызга аткарылды. Жакынкы айларда пайдаланууга берүү пландалууда.Жаңы базар санариптик форматта иштеп, соодагерлерди эски базардан жаңы имаратка көчүрүү башталат. Анда заманбап соода жайлары, унаа токтотуучу жай жана башка керектүү инфраструктура каралат.
Биринчи айым Айгүл Жапарова балдары жана неберелери менен Кырчын жайлоосундагы этно базарга барды.Ал соода катарларын кыдырып, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышты.Жергиликтүү сатуучулар тарабынан сунушталган айрым белектерден баш тарткан. Анын ичинде 35 миң долларга бааланган белек да бар.Айгүл Жапарованы маданият министри Мирбек Мамбеталиев коштоп жүрдү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Россиянын беттеши өттү.«Көк бөрү» аренасында кыргызстандык көк бөрүчүлөр Россияны 16:5 эсебинде жеңди.Учурда жарым финалда Казакстан менен Венгриянын командалары күч сынашууда.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтүүдө.
Автор: Kanat Kadyrjan