play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кызыл-Жар аймагындагы көпүрө 7-сентябрдан 31-декабрга чейин оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.Маалыматка караганда, Кызыл-Жар, Ала-Бука, Аксы, Чаткал жана башка багыттарга бара жаткан айдоочулар Таш-Көмүр шаары аркылуу өтүүчү айланма жолду пайдаланышы керек.ЖКККББ айдоочуларды сапарын алдын ала пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоого жана коопсуздукка көңүл бурууга чакырды. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө аркылуу коопсуз өтүүгө шарт түзүлөт.
Бишкекте жаңы курулган «Бишкек Арена» комплексинин расмий ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.Анын айтымында, президенттин тапшырмасы менен уюштурула турган иш-чарада жарандар үчүн акысыз чоң маданий шоу-программа тартууланат. Учурда ачылыш аземине даярдык кызуу жүрүүдө.Ошондой эле Каныбек Туманбаев Кыргызстанга болгон сүйүүсүн билдирип, эң кызыктуу пикир калтырган эки колдонуучуга 18-сентябрда өтө турган дүйнөлүк жылдыздар Busta Rhymes , Ne-Yo жана Akon катышкан концертке экиден билет белек кыларын жарыялады.
11-сентябрда Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.Маданият министрлигинин маалыматына караганда, иш-чарасаат 09:00дө «Манас Ордо» этнографиялык комплексинде башталат.Айтышка өлкөнүн бардык аймактарынан тандалган 16 төкмө акын катышат. Алардын арасында тажрыйбалуу жана жаш акындар бар.Акындар өз өнөрү аркылуу өлкөнүн тарыхын, эгемендүүлүк жылдарындагы өзгөрүүлөрдү, улуттук баалуулуктарды, мекенчилдикти жана элдин биримдигин даңазалашат.Иш-чаранын негизги максаты— төкмөлүк өнөрдү жайылтуу, оозеки чыгармачылыктын салтын улантуу жана жаштардын айтышка болгон кызыгуусун арттыруу.
Автор: Kanat Kadyrjan