play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкекке Германиянын компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди.«Кыргыз темир жолу» ишканасы билдиргендей, 11 вагондон турган заманбап поезд менен Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азиядан 70тен ашык чет элдик турист келди. Коноктор үчүн кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, алар Бишкек шаары боюнча экскурсияга чыгышты.
Кызыл-Жар аймагындагы көпүрөдө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы убактылуу токтотулат.Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, чектөө 8-сентябрдан 31-декабрга чейин күчүндө болот. Бул убакта Кызыл-Жар, Ала-Бука, Аксы жана Чаткал багыттарына бара жаткан айдоочулар Таш-Көмүр шаары аркылуу айланып өтүшү керек. Ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрөдөн өтүүгө шарт түзүлөт.
Ысык-Көлдүн Түп районундагы Бирлик айылында жаңы бала бакча курулду.Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, жүз орундуу бул бала бакча эки кабаттан турат жана ал заманбап талаптарга ылайык курулган. Объекттин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 80 миллион сомдон ашык каражатты түздү. Имаратта балдардын уктоосу, тамактануусу жана билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Автор: Kanat Kadyrjan