play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
Жанадил Салымбеков жана Калипа Таштанова Диана Дуйшоналиева
«Жасалма жигит» тасмасынын актёрлору Авторадио эфиринде!
Кыргызстандык кино сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык — 10-сентябрда «Жасалма жигит» жаңы комедиясынын премьерасы болот. Тасманын бет ачарына аз калганда биздин эфирге фильмде башкы ролдордун бирин жараткан актёр Жанадил Салымбеков жана белгилүү актриса Калипа Таштанова конок болуп келишти.
Түз эфирдеги маекте актёрлор «Жасалма жигит» тасмасы, өздөрүнүн каармандары, тартуу процесси жана съёмка учурундагы кызыктуу окуялар тууралуу айтып беришти. «Жасалма жигит» — режиссёр Эрмек Талайбековдун жаңы комедиясы. Тасмада ошондой эле Аскат Сулайманов, Улук Төлөмүшев, Максат Усенов жана башка таланттуу актёрлор роль жаратышкан.
Автор: Диана Дуйшоналиева