play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today09.09.2026 15

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

Жыргалбек Медетканов курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.Министрликтен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Буга чейин Медетканов мекемеге караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Ал эми бул кызматты мурда аркалаган Талантбек Иманакун уулу берген арызына ылайык жумуштан бошотулду.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаардагы жолдордун курулушун текшерип, биркатар тапшырмаларды берди.Мэриядан билдиришкендей, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн оңдолуп бүткөн айрым тилкелери унаа кыймылы үчүн ачылды. Ошондой эле мэр «Дордой-автотетиктери» базарына баруучу жолду асфальттоону тездетүүнү жана Чыгыш автобекетинин айланасын тартипке келтирип, имараттын сыртын жаңылоону тапшырды.

Италияда 2026-жылдын жайы акыркы 76 жылдагы эң ысык мезгил деп табылды.Өлкөнүн Улуттук изилдөө кеңеши билдиргендей, жай айларында орточо температура 24,3 градусту түзүп, 2003-жылдагы рекордду жаңылады. Эң ысык ай катары август катталып, анда аптап адаттагыдан 5 градуска чейин жогору болгон. Эксперттердин баамында, бул өзгөчө ысык жай Европа биримдигинин экономикасына 180 миллиард евро чыгым алып келиши мүмкүн.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%