play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today09.09.2026 24

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

            Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

              Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында элүү тогуз жогорку чыңалуудагы көмөк чордонду оңдоо иштери жүрүүдө.Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, учурда пландалган объекттердин кырк экисинде капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Анын ичинде негизги «Нарын-бир» көмөк чордонундагы ири күч трансформатору текшерүүдөн өткөрүлүп, калыбына келтирилди. Ошондой эле алдыдагы пландарда көмөк чордондордун бирин селден коргоо иш-чаралары каралган.

 

           Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Чолпон-Ата шаарындагы муниципалдык пляждын айланасында көл түбүн тазалоо иштерин жүргүздү.Мекеменин маалыматы боюнча, суу алдынан ар кандай таштандылар чыгарылып, жалпысынан жети жүз килограмм таштанды чогултулду. Бул  иш-чара Ысык-Көлдүн экологиясын жакшыртуу жана эс алуучулар үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында уюштурулду. Куткаруучулар көлдү тазалоо иштери мындан ары да улантыларын билдиришет.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%