play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкек шаарынын мэриясында бир катар кадрдык дайындоолор болду.Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиевдин тескемеси менен Марлен Айбеков Муниципалдык менчик башкармалыгынын, ал эми Уран Мусаев Шаардык чарба департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Жалпысынан сегиз жетекчи жаңы кызматка бекитилди. Ошондой эле Абдес Анарбеков өз каалоосу менен кызматынан бошотулду. Бул чечимдер шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандык мигранттар үчүн электрондук камсыздандыруу полисин аралыктан алуу кызматы ишке кирди.Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, эми мекендештер мамлекеттик органдарга барбастан, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну тариздей алышат. Полис үчүн төлөмдөрдү банк карталары аркылуу онлайн жүргүзүүгө болот. Бул санариптик кызмат мигранттардын келечекте пенсия менен камсыз болуусуна шарт түзөт.
«Бала ырысы» жаңы мамлекеттик программасы боюнча ай сайын берилүүчү жөлөк пулду алууга 240 миңден ашык арызкабыл алынды.Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги билдиргендей, жарандардын басымдуу бөлүгү арыздарын«Түндүк» тиркемеси аркылуу электрондук түрдө жөнөтүшкөн. Кезектеги төлөмдөр ушул аптада, 10–11-сентябрга чейин бериле баштайт. Эске салсак, бул жөлөк пул үч жашка чейинки ар бир балага айына миң эки жүз сомдон төлөнөт.
Автор: Kanat Kadyrjan