play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today11.09.2026 15

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

               Президент Садыр Жапаров Талас шаарынын борбордук аянтында өткөн мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатына катышты.Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чарада Улуттук гвардиянын кол башчысы рапорт берип, гимндин коштоосунда туу көтөрүлдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө элди биримдикке чакырып, өткөн тарыхтан сабак алуу менен жаңы Кыргызстанды куруу жолунда иш туура багытта баратканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн башкы максаты — билимдүү жаштарды көбөйтүү жана өнүккөн мамлекетти түптөө экенин айтты.

 

 

​               Талас облусунда окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан «Акылман» президенттик лицейи пайдаланууга берилди.Өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачылган жаңы билим берүү мекемесинин салтанатына президент Садыр Жапаров катышты. Бул заманбап лицей эң акыркы үлгүдөгү жабдыктар менен камсыздалып, таланттуу окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык ыңгайлуу шарттарды түзөт.

 

 

             Талас облусундагы майрамдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга «Актөш» аттуу робот ит тартылды.Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул заманбап технология милициянын ишмердүүлүгүнө инновациялык чечимдерди киргизүү максатында алып келинген. Учурда«Актөш» майрамдык аянттарда тартип сакчылары менен бирге коопсуздукту көзөмөлдөп, кызмат өтөп жатат. Бул чара милициянын салттуу иш ыкмаларын жаңы технологиялар менен айкалыштырууга багытталган.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%