play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today12.09.2026 25

Background
share close

Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чаралар өттү.Салтанат кыргыз элинин тарыхын чагылдырган улуу театралдаштырылган көрсөтүү менен башталды. Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, өлкөнүн өнүгүү жолундагы стратегиялык максаттарга токтолду. Президент Садыр Жапаров өз сөзүнүн соңунда чоң жаңылыкты жарыялап, Эгемендүүлүк күнүнүн кийинки 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленерин билдирди. Майрамдык кече кыргыз жана дүйнөлүк эстрада жылдыздарынын концерти менен уланды.

 

 

Ушул жылдын 1-декабрында «Жыргалаң» тоо-лыжа курорту ачылат.Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарында өткөн Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта жарыялады. Мамлекет башчысынын айтымында, өлкөдөгү ири «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасынын курулуш иштери ийгиликтүү аяктады. Бул масштабдуу долбоор туризм тармагын жаңы деңгээлге көтөрүп, миңдеген кошумча жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөт.

 

Валюталардын расмий курсу
12.09.2026

1USD 87,45
1EUR 101,43
1RUB 1,03
1KZT 0,19
1CNY 13,03

 

 

Бүгүн, 12-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, жаан жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткендин өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.

Күндүз абанын температурасы аймактар боюнча төмөнкүдөй ысыйт:

Ош, Жалал-Абад облустарында: +28…+33 градус;
Баткен облусунда: +27…+32 градус;
Чүй облусунда: +25…+30 градус;
Нарын облусунда: +23…+28 градус;
Ысык-Көл облусунда: +22…+27 градус;
Талас облусунда: +19…+24 градус;
Бийик тоолуу райондордо: +8…+13 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Чолпон-Ата шаарында күндүз өткүн өтүшү мүмкүн, термометрдин көрсөткүчү +22…+24 градусту түзөт.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%