play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.Иш-чара улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени — Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында өттү.
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Баткен облусунда төрт жаңы өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди.Алардын арасында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү, кургак курулуш аралашмасын өндүрүүчү, шагыл майдалоочу цехтер жана тоо-кен ишканасы бар. Жаңы объекттер аймактын экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган.
Бүгүн, 12-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын алкагында чоң концерттик программа тартууланат.
Маданият, маалымат жанп жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, концерттик программага кыргыз эстрадасынын белгилүү аткаруучулары Афток, Изи, Баястан, Каныш Нурди, Эра, Жетиген, ”Ага-Ини“, Тата-Улан, Lucky, Саламат жана Адилхан катышат.
Майрамдык концертте белгилүү ырчылардын музыкалык чыгармалары аткарылып, Талас шаарынын тургундары жана коноктору үчүн өзгөчө майрамдык маанай тартууланат.
Концерт саат 19:00дө башталат.
Автор: Kanat Kadyrjan