play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Келерки бейшембиде, 17-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт.Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 19:00гө чейин эски аэропорт районунда, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Токтоналиев жана Төлөмүш Океев көчөлөрүндө суу болбойт. Чектөөлөр турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык объекттерге тиешелүү. Суунун өчүрүлүшү «Аэропорт» суу алгычындагы пландык оңдоо иштерине байланыштуу. Жергиликтүү тургундарга ичүүчү сууну алдын ала камдап алуу сунушталат.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Талас облусундагы Бүргө баатыр атындагы «Арал» чек ара заставасына барды.Ал чек араны кайтаруунун уюштурулушу, инженердик инфраструктуранын абалы жана аскерлердин жашоо-турмуш шарттары менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана заставаны заманбап техникалар менен жабдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Коопсуздук кеңешинин катчысы өлкө чек арасын ишенимдүү коргоо улуттук коопсуздуктун негизги фактору экенин белгилеп, сапардын жыйынтыгында тиешелүү тапшырмаларды берди.
Валюталардын расмий курсу
14.09.2026
1USD 87,45
1EUR 101,43
1RUB 1,03
1KZT 0,19
1CNY 13,03
Автор: Kanat Kadyrjan