play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бишкек шаарында Улуттук шахмат академиясы ачылды.Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, шахмат тактасында биринчи жүрүштү жасоо менен уюмдун ишине расмий старт берди. Бул академия эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоого жана таланттуу жаштарды колдоого багытталган. Өкмөт башчысы учурда өлкөнүн 500 мектебинде «Мектептердеги шахмат» долбоору пилоттук негизде ишке ашырылып жатканын жана жаңы борбор спорттун бул түрүн өнүктүрүүдө маанилүү орунга ээ болорун белгиледи.
Бишкектеги соода борборлорунун биринде эскалатордун экинчи кабатынан кулаган беш жашар бала, ооруканадан үйүнө чыгарылды.Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, наристеге дарыгерлер шашылыш операция жасап, бир ай бою тынымсыз дарылашкан. Натыйжада мээсинен оор жаракат алган бала кайрадан басып, сүйлөп калды. Аны үйүнө чыгарар алдында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов абалынан кабар алып, наристенин өмүрүн сактап калган дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирди.
Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндарынын алкагында этно шаарчанын аймагын жашылдандыруу максатында көп жылдык газон себүү акциясы өттү.Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов, «Шамал» фестивалынын катышуучулары жана активдүү жарандар катышты. Боз үйлөр тигиле турган аянттарга жергиликтүү климатка ылайыкталган чөптүн уруктары себилди. Бул демилге Жаратылыш ресурстары министрлиги жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте жайлоону көрктөндүрүү жана экологиялык маданиятты жайылтуу максатында уюштурулду.
Автор: Kanat Kadyrjan