play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Кыргызстанда ушул айдын башына карата «Бала ырысы» жөлөк пулу 232 миңден ашык балага берилди .Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, наристелердин банктык эсептерине 285 миллион сомдон ашык каражат которулду .Учурда айрым банктардагы миңден ашык эсепте каражаттардын чагылдырылбай калышы боюнча тактоо иштери жүрүүдө. Мунун себеби картанын мөөнөтү бүткөнүнө же жеке маалыматтарды жаңыртуу зарылдыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Министрлик ар бир жаран төлөмдү толук аларын билдирди.
Борбор калаада көмүрдүн бир тоннасынын баасы жети миң сом деп бекитилди.«Кыргызкөмүр» ишканасынын башкы директорунун орун басары Болот Мухаммед уулу билдиргендей, учурда Бишкек шаарында 25 отун базасы иштеп жатат. Калкка көмүр жеткирүү иштери август айында эле башталган. Күйүүчү май сатылган расмий жайлардын даректерин тургундар «2GIS» программасынан жана социалдык тармактардан таба алышат. Ал эми Түндүк аймактарды камсыз кылган «Кара-Кече» кенинде көмүрдүн баасы 3 миң 21 сом деп бекитилди, калган аймактардагы акыркы баа ташып жеткирүү аралыгына жараша аныкталат.
Борбор калаадагы мектептерде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталды.Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү департаменти билдиргендей, окуунун биринчи күнүндө Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар жана тарбиялык сааттар өткөрүлөт. Буга байланыштуу мекеме ата-энелерди балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат. Эскертүүдө баланы мектепке бараткан жолдо жана сабактан кийин коштоп жүрүү жоопкерчилиги толугу менен ата-энелерге же мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөрү, ошондой эле класс жетекчилер менен дайыма байланышта болуу зарылдыгы айтылат.
Автор: Kanat Kadyrjan