play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

RU

КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today15.09.2026 21

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды 200дөн ашуун энергетик үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздашты.Энергетика министрлигинен билдиришкендей, майрам күндөрү адистер күчөтүлгөн жана күнү-түнү иш режиминде кызмат өтөштү. Алар электр тармактарынын техникалык абалын текшерип, резервдик электр булактарынын даярдыгын камсыз кылышкан. Ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдар жаралган учурда ыкчам чара көрүү үчүн атайын ыкчам нөөмөт бригадалары тынымсыз нөөмөттө турушту.

 

 

Чыныгы көркөм адабиятты интернеттен эмес, «Ала-Тоо» журналынан табууга болот. Бул тууралуу аталган журналдын баяндамачысы, акын Элмира Ажыканова билдирди.Анын айтымында, социалдык тармактарда кыргыз адабиятынын толук баалуу чыгармалары дээрлик жок, болсо да кыска үзүндүлөр гана кездешет. Ал эми «Ала-Тоо» журналында улуттук адабияттын эң иргелген жана тандалган чыгармалары үзгүлтүксүз жарыяланып турарын баса белгилеп, адабият сүйүүчүлөрүн басылмага олуттуу маани берүүгө чакырды.

 

 

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда Жолон Мамытов атындагы жаңы сейил бак ачылды.Мэриядан билдиришкендей, эс алуу жайы шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, балдар аянтчасы жана воркаут зонасы менен камсыздалды. Бул Ош шаарында акыркы алты айдын ичинде ачылган отузунчу сейил бак болуп калды.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%