play_arrow

keyboard_arrow_right

Listeners:

Top listeners:

skip_previous skip_next
00:00 00:00
chevron_left
volume_up
  • cover play_arrow

    Авторадио Бишкек 107.8FM

KG

КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

today16.09.2026 24

Background
share close
  • cover play_arrow

    КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan

 

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Корея Республикасына барды.Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, тарыхта биринчи жолу уюштурулуп жаткан «Борбор Азия — Корея» саммитине жана атайын бизнес-форумга катышат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү документтерге кол коюу пландалууда.

 

Бишкекте транспорт тармагы үчүн адистерди даярдоого багытталган заманбап окуу аянтчалары ачылды.Илим жана жогорку билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жаңы борборлор И. Раззаков атындагы Техникалык университетте жана Автомобиль-жол колледжинде россиялык «Автобан» компаниясынын колдоосу менен түзүлдү. Техникалык университетте жолдорду жана туннелдерди санариптик моделдөө үчүн 8 миллион сомдук жаңы компьютердик класс ачылса, колледжде студенттерге экскаватор, бульдозер сыяктуу оор техникаларды коопсуз шартта башкарууну үйрөтүүчү атайын VR-лабораториясы ишке кирди. Бул долбоорлор билим берүү мекемелери менен өндүрүштүн ортосундагы дуалдык окутууну өнүктүрүү максатында ишке ашырылды.

 

 

Түркиянын мектеп ашканаларында зыяндуу азыктарды, анын ичинде газдалган суусундуктарды, чипсы жана шоколаддарды сатууга толук тыюу салынды.«Казинформ» агенттиги билдиргендей, өлкөнүн Билим берүү, Саламаттык сактоо жана Айыл чарба министрликтери биргелешип мектептерде куурулган тамактарды, кант, туз жана майы көп таттууларды сатууга чектөө киргизди. Анын ордуна ашканаларга атайын «туура тамактануу» логотиби бар 675 түрдүү пайдалуу азык-түлүктү сатууга уруксат берилди. Тизмеге жаңы мөмө-жемиштер, сүт азыктары, кургатылган жемиштер жана таза суу киргизилген. Адистер бул кадам жаш муунду семирүү, кан басымдын жогорулашы жана кант диабетинен коргоо максатында жасалганын белгилешет.

Автор: Kanat Kadyrjan


0%