play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Ысык-Көл облусунун Ала-Баш айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилди. Эки кабаттуу жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталган, ал эми эки нөөмөт менен окуу курамында 500гө жакын окуучуга ылайыкталган. Имаратта башталгыч жана жогорку класстардын окуучулары үчүн заманбап билим алууга бардык зарыл шарттар түзүлдү.
Баткен облусунун Айдаркен шаарында курулуп жаткан кыш заводунун аянтында топурактын сапаты текшерилди.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, Сертификаттоонун республикалык борборунун адистери курулуш жүрө турган жердин топурагынын тыгыздыгын аныктоо үчүн атайын лабораториялык үлгүлөрдү алышты. Бул текшерүү келечектеги ишкананын имаратынын бекемдигин жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Францияда 15 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүн жөнгө салган жаңы мыйзам долбоору даярдалды.«БелТА» агенттиги билдиргендей, бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрон өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Жаңы документ Конституциялык кеңеш мурунку чектөөнү «интернеттин зыянын так аныктаган эмес» деп жокко чыгаргандан кийин, кайрадан толукталып иштелип чыкты. Учурда долбоор Европа комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү. Макрон балдарды санариптик чөйрөнүн коркунучтарынан коргоо маанилүү экенин жана мындай чектөөлөр бүткүл Европа өлкөлөрүндө кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.
Автор: Kanat Kadyrjan