play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Бүгүн, Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт.Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, саат 09:00дөн 19:00гө чейин эски аэропорттун аймагында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Токтоналиев жана Төлөмүш Океев көчөлөрүндө суу болбойт. Бул чектөө «Аэропорт» суу топтомосундагы пландык оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштерге байланыштуу киргизилүүдө. Шаар бийлиги аталган даректердин тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.
17-сентябрда Бишкектин Чүй проспектиси жана Акылбеков көчөсүндөгү бир катар үйлөрдө ысык суу убактылуу өчүрүлөт.«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасынан билдиришкендей, чектөө саат 08:00дөн 16:00гө чейин күчүндө болот. Бул убакытта Чүй проспектисиндеги отуздан ашык көп кабаттуу үй жана Акылбеков көчөсүндөгү жеке сектор, ошондой эле №52 орто мектепте ысык суу болбойт. Ишкана ысык суунун токтотулушун алдыдагы кышкы жылытуу сезонуна карата жүргүзүлүп жаткан пландык оңдоп-түзөө иштери менен түшүндүрдү.
Бүгүнтөн тартып Бишкектин Гоголь көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолду калыбына келтирүү жумуштары этап-этабы менен жүргүзүлөт. Буга чейин аталган тилкеде жылуулук тармактары толук алмаштырылып, өткөн жылы жөө адамдар өтүүчү тротуарлар менен сугат тутуму жаңыланган. Шаар бийлиги айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландап, альтернативдүү жолдорду тандоону өтүнөт.
Автор: Kanat Kadyrjan