play_arrow
Авторадио Бишкек 107.8FM
play_arrow
КҮНДҮН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Kanat Kadyrjan
Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы мектептин ачылыш аземи өттү.Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, Кара-Булак айылындагы А. Молдоисаев атындагы №59 мектеп өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берилген 105 социалдык объекттин катарына кирди. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган эки кабаттуу заманбап имараттын жалпы аянты 1 281 чарчы метрди түзөт. Мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана ыңгайлуулугу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Нарын шаарынын борбордук Ленин көчөсүнө сегиз даана жаңы жол чырак орнотулду.Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда шаарда жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында жол жээктерине лотокторду коюу, тротуарларды иретке келтирүү жана жолдун кириш-чыгыш бөлүктөрүн асфальттоо иштери кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары, жаңы окуу жылына карата мектептердин жана бала бакчалардын аймагындагы жөө адамдар өтүүчү тилкелерге жаңы жол чийимдери түшүрүлүп, түнкүсүн күйө турган тиешелүү жол белгилери орнотулууда.
Кыргызстанда жаш төкмө акындардын арасында республикалык «Жаш булбул» айтышы өтөт.Маданият министрлигинен билдиришкендей, өнөрдү жайылтуу жана жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулуп жаткан сынактын тандоо туру 18-сентябрда Улуттук «Манас» театрында өтөт. Андан суурулуп чыккан мыктылар 26-сентябрда Асман паркынын амфитеатрында өтүүчү финалдык айтышта күч сынашат.
Автор: Kanat Kadyrjan